1. Кичине, кичинекей, бөлчөктөнгөн, ири эмес, чоң эмес (көлөмү, көрүнүшү жагынан). Майда таш. Майда суулар. Майда тууралган эт. Майда тал. 2. Олуттуу эмес, орчундуу эмес, ири эмес. Майда жумуш. Майда сөз. Майда кызматкер. Майдадан ирир курулат, учкундан жалын тутанат (макал).
Кой, эчки. Бодо малы, майда жандыгы болуп колунда жыйырма-отуздай малы болор эле. Жер саймасы – байчечекей булайса, Майда жандык кубанышат өпкүлөп (Токомбаев).
Чоңоюп калуу, балалык курактан өтүү. Ал майда жашын жашап, мына эми он сегизге толгон кырдалы (Сыдыкбеков). – Эмесе сен майда жашыңды жашап койгон турбайсыңбы? – деп курбулаш бирөө күлүп койду (Токомбаев).
МАЙДА ИЗДЕР – криминалистикада оптикалык жардамчы жабдыктарсыз так аныктоого мүмкүн болбогон издер. М. и-ге булалар, сырдалган нерселердин бөлүктөрү, айнектин сыныктары, жыгачтын үбөлөндүлөрү ж. б. көптөгөн нерселер кирет.
кустарно-ремесленное производство
Анча мааниси жок пикир, бир сүйлөнүп кала берүүчү сөз, атайын бир максатты көздөп айтылбаган кеп. Үй-бүлөдөгү майда сөздүн баарын энесине ташый берет (Абдукаимов).
Анча-мынча, майда-барат, анча мааниси жок пикир, бир сүйлөнүп кала берүүчү сөз, атайын бир максатты көздөп айтылбаган кеп. Үй-бүлөдөгү майда сөздүн баарын энесине ташый берет (Абдукаимов).
МАЙДА ТАРТИП БУЗУУЧУЛУК – коомдук жайларда сөгүнүп-сагынуу, жарандарга мазактоо менен тийиштик кылуу жана башка (ошондой) коомдук тартипти бузуучу жана жарандардын тынчын алуучу аракеттер.
мелкое товарное хозяйство
МАЙДА УУРУЛУК – өзүмдүк кылып алуу, уурдоо, жок кылып коюу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу же алдоо жолу менен жасалган укукка каршы аракеттер. Уурулук укук бузуу болгон учурда уурдалган мүлктүн наркы мыйзамда белгиленген бир айлык эмгек акынын көлөмүнөн ашпаса майда өлчөмдүү катары таанылат.